Астанада «Qazdatathon» Улуттук тандоо өттү

Астанада «Qazdatathon» Улуттук тандоо өттү

Борбор калаада «Qazdatathon» улуттук сынагы өттү. Салттуу таймашта жаш жана тажрыйбалуу окумуштуулар социалдык-экономикалык саясат тармагындагы жаңы изилдөөлөрүн сунушташты. Жалпысынан 42 топ ат салышты. Анын 10у финалга чыкты. Бул катарда адамдын убакытты туура пайдалануусунун күнүмдүк жашоо сапатына тийгизген таасири талданган долбоор бар.

Санжар Калканбай, MNU илимий кызматкери:

- Даяр маалыматтарды алгандан кийин биз аркылуу программалар статистикалык анализ жүргүзө турган болобуз. Жалпы өзүнүн социалдык тармактарда атайын моделдер, атайын саноолор бар. Ошолорду колдонуу аркылуу так чечимдерге келебиз.

Бул жолу сынактын жалпы байге фонду 1 миллион теңгени түздү. Мындан тышкары, «Kazakhstan Sociology Lab» социологдор мектебинин атынан гранттын ээлери аныкталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков