Жыл башынан бери Казакстандын улуттук парктарына 1 миллион 700 миңден ашуун адам келген. Бул маалымат өлкөдөгү өзгөчө корголуучу 14 жаратылыш аймагына тиешелүү. Мындай маалыматты Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Учурда чоң суроо-талапка ээ болгон өзгөчө аймактарга жаңы экологиялык каттамдар ачылууда. Атап айтканда, Көлсай, Катон-Карагай, Алтын Емел, Шарын жана Сайрам-Өгем улуттук парктарында бул иштер бүткөрүлүүдө. Ал эми келерки жылдан баштап бул Каркаралы, Буйратау, Көкшетау сыяктуу чакан жаратылыш парктарында да улантылмакчы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков