Пандемиядан кийинки мезгилде ден соолукту чыңдоо туризмине көңүл бурулууда. Түркестан облусунун чабандары кымыз менен дарылоо борборлорун ачып жатышат. Мындай санаторийлер - иммунитетти чыңдагысы келгендер үчүн табылгыс байлык. Бүгүнкү күндө Диханкөл айылы сапаттуу дарылык суусундуктары менен белгилүү. Туристтер мындагы кымыз өндүрүүнүн айрым сырлары бар экенине ынанышат. Фермерлердин өздөрү улуттук суусундуктун артыкчылыгын жылкынын тоо этегиндеги дары чөптөрдү жеп жатканы байланыштырышат. Жергиликтүү тургундар күн сайын үч миң тоннага чейин кымыз сатышат.
Кайрат Кыпшаков, Төле би районунун Когалы айылдык окуругунун акими:
- Мындай чоң көлөмдө кымыз өндүрүү менен алектенген биздин өлкөдө айылдар аз болсо керек деп айтаар элем. Анткени биздин айылдын 80% кымыз өндүрүү менен алектенет десем жаңылышпайм. Бүт калк ушундай табигый өнүмдөр менен дарыланууга, ушундай табигый дүйнө менен калыбына келүүгө ылайыкташып жатат. Бизнес баштоону каалаган айылдын тургундары ден соолукту чыңдоо борборлорун ачып жатышат.
Нурболат Абилдаев, ишкер:
- Диханкөлдүн аты бүткүл Казакстанга белгилүү десем болот. Дүйнөнүн булуң бурчунан келип, Атыраудан болсун, Актаудан болсун, Батыштан келип сурагандар бар. Бул айылдагы ар бир үйгө келүүчүлөр саамал ичели деп баш багышат. Бул жердин кымыз жакшы деп айтылат.
Ишкердин айтымында, жаңы бээнин сүтү – саамал соодасы кызуу жүрүп жатат. Аны саап алгандан кийин дароо дасторконго коюлат. Саамалдын дарылык касиети жөнүндө ар кандай уламыштар бар. Бирок дарыгерлер улуттук суусундуктарды - саамал менен кымызды бардык ооруларга каршы шыпаа катары эмес, иммунитетти көтөрүү үчүн колдонууга кеңеш беришет.
Жанар Кантаева, дарыгер-кардиолог:
- Биз аны негизи дарылоо катары колдоно албайбыз. Себеби, эгерде оору күчөп турган кезде медициналык жардамга кайрылуу керек. Ал андан ары кошумча калыбына келүү үчүн, иммунитетти бекемдөө үчүн, күч-кубат алуу үчүн кажет.
Белгилей кетсек, аймакта кымыз менен дарылоодон тышкары, экотуризмди өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Бул үчүн атайын туристтик саякаттарды уюштуруу мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков