Казакстандын дан экспорттоо каналы кеңейүүдө. Мажилисте Премьер-министрдин орун басары эки миллион тоннага жакын ата мекендик өнүм Батыш Европа менен Түндүк Африкага жөнөтүлөрүн билдирди. Кытай, Ооганстан жана Иранга да ушунча көлөмдө жиберилет. Борбордук Азия мамлекеттери жергиликтүү буудайдын негизги экспортерлору болуп саналат. Бүгүнкү күндө дан ташуу боюнча жогорудагы өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ай сайын 250 миң тоннага жакын өнүм импорттоо пландалууда. Белгилей кетсек, өткөн жылдын аяк оона айынын жана тогуздун айларында 2 миллион тоннадан ашык дан экспорттолгон. Казакстан жалпысынан үстүбүздөгү жылы жыйналган жаңы өнүмдүн 12 миллион тоннасын сатууну пландоодо.
Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары:
- Азыр бизден Борбор Азия алат, жалпысынан Борбордук Азия менен Ооганстанга
5-6 миллион кетет. Өзбекстан 3 жарым миллион тонна, Тажикстан 1 миллион,
Кыргызстан 500 миң тонна алат. Бул үч мамлекет бизден 5 миллион тонна сатып
алат.
Айдарбек Сапаров, Айыл чарба министри:
- Өткөн жылы дандын сапаты жана көлөмү да аз болгон.
Ошондуктан бизде өздүк наркы жогору болду. Орусияда буудай бир аз арзаныраак
болду. Бул жылы биз Орусия менен атаандаша алабыз. Биз арзан баада сата алабыз. Ошентип
акырындык менен Иранга, Египетке кирип жатабыз. Азыр Перс булуңуна кирүү
пландарыбыз бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

