1,5 гектар аянтты ээлеген альтернативдик энергия булагы объектинде 2400 панель орнотулган. Жаңы станциядагы заманбап аккумуляторлор жана запастык бөлүктөр толугу менен автоматташтырылган. Аларды башкаруу үчүн 3-4 адам жетиштүү. Станция жылына 2 миллион тонна киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыга алат. Долбоорду ишке ашырууга 380 миллион теңгеге жакын инвестиция тартылган. Негизинен адистер Улытау аймагы экологиялык жол менен жылына 12 ай жарык жана жылуулук өндүрүүгө ыңгайлуу жер экенин айтышат.
Алмаз Жандарбеков, Улытау облусунун энергетика жана тургун үй коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы:
- Кулжа айында бул станцияны толук ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Мындан тышкары облусубузда чоң иш-чара жүрүп жатат, Сатпаев менен Жезказган шаарларынын ортосунда чоң шамал электр станциясын куруу долбоору. Ал станция 100 МВт болот. Келечекте кубаттуулукту 200 мВтка чейин жогорулатуу пландалууда. Станцияда 250гө чейин жумушчу орун түзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков