Улуттук маалыматтык технология өнүмдөрү эл аралык базарларда сунушталат

Улуттук маалыматтык технология өнүмдөрү эл аралык базарларда сунушталат

Буга Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Эл аралык өнүктүрүү агенттиги жардам берет. Тиешелүү мекеме жана маалымат-коммуникациялык инфраструктуранын оператору Егов.Кз тиешелүү меморандумга кол коюшту. Ошол эле учурда бул кызматташтык эл аралык рыноктордо мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатында тажрыйба алмашууну көздөйт.

Ростислав Коняшкин, «Улуттук маалыматтык технологиялар» АК башкарма төрагасы:

- Бул электрондук өкмөт, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, эсеп системасы сыяктуу долбоорлор, ошондой эле экономика тармактарын санариптештирүү боюнча жеке долбоорлор. Алардын ичинен мамлекет башчысы белгилегендей, бул биздин өлкөнүн санариптик аймактык хаб катары позициясын кыйла бекемдейт деп ишенебиз.

Азыркы учурда eGov.kz «электрондук өкмөт» порталынын колдонуучуларынын саны 13,5 миллиондон ашты, 415 миллионго жакын кызмат алынган. БУУнун 2022-жылдагы рейтинги боюнча өлкө электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча 193 өлкөнүн ичинен 28-орунда турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков