Алтын ордо дооруна таандык күмбөз табылды

Алтын ордо дооруна таандык күмбөз табылды

Батыш Казакстан облусунун Теректи районунда Алтын Ордо дооруна таандык күмбөз табылды. Археологдор тарыхый эстеликти XIV кылымга таандык деп эсептешет. Табылган жерден маданияттын изин анык байкоого болот. Мисалы, күйгөн кызыл кирпичтер ошол кездеги архитектура жана курулуш тармагынын жакшы өнүккөндүгүн күбөлөндүрөт. Ал эми кооз акак-мончок шурулар зергерчиликтин өнүгүшүн көрсөтөт. Күмбөзгө жанаша жайгашкан имараттан да айрым экспонаттар табылган. Илимпоздор күмбөздө бойго жеткен, узун бойлуу киши көмүлгөн деп эсептешет.

Асхат Бисенгалиев, археолог:

- Мындан тышкары биз 4 баш жылкыны таптык. Койдун сөөктөрү табылды. Булар да курмандык чалуу катары жасалган жөрөлгөлөр. Ата -бабаларыбыз кандай жашаганын, мунун баарын изилдөө биз үчүн абдан кызыктуу. Биз мектепте окуп жүргөндө сүрөттөрдөн көргөнбүз. Ал эми биз азыр аны өз колубуз менен казып, көрүп жатабыз.

Күмбөз тик бурчтуу формада. Кирпичтердин бетинде ар кандай адам колдорунун издери ачык көрүнүп турат. Археологдор бул дубал менен күмбөз, пайдубал жана кабат үчүн колдонулган таштарды иреттөө үчүн пайдаланган деп эсептешет. Белгилей кетсек, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгында облустун археологдору 2000ден ашуун тарыхый эстеликтерди табышкан.

Яна Лукпанова, облусттук тарыхый-чөлкөм таануу музейи, тарых жана археология бөлүмүнүн илимий кызматкери:

- Сенсациялуу эстеликтер казылып, табылды. Анда шаарлар, конуштар жана күмбөздөр бар. Бул баа жеткис тарыхый эстеликтер. Баары археологдордун 30 жылдык мааракеге кошкон салымы деп ойлойм.

Буга чейин Теректи районунан табылган Таксай ханайымы көмүлгөн комплекс Казакстандын ыйык жерлеринин тизмесине кирген. Эми бул күмбөз эске алынып, мамлекет тарабынан коргоого алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков