Казакстандын
18-45 жаш аралагындагы каалаган жараны
IT адистигин акысыз үйрөнө алат. Азыр «Tech Orda» программасынын алкагында
мамлекеттин эсебинен окууга арыздар кабыл алынууда. Ал веб-программа иштеп
чыгуу, 3D дизайн, программалык камсыздоо, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу
жана Big Data жана Blockchain индустриясы сыяктуу артыкчылыктуу секторлордун
бардык тармактарын камтыйт. Бул жылы өлкөнүн 83 алдыңкы жеке менчик IT
мектептери билим алуучуларга 219 курстарды сунуштоодо. Казак жана орус тилдеринде билим берүү программасынын
мөөнөтү 6 айдан 2 жылга чейин. 2021-жылы Tech Orda программасынын пилоттук
долбооруна Казакстан боюнча 100 студент кирген. Өткөн жылы анын масштабы
кеңейип, 3 миңден ашык адам бекер окууга жолдомо алышкан. Быйыл да IT-адистердин
саны ушундай болору күтүлүүдө. Эскерте
кетсек, президент Касым-Жомарт Токаев 2025-жылга чейин 100 миң IT адисти
даярдоону тапшырган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков