Транспортту техникалык текшерүү менен унаа мектептерге талап күчөтүлөт

Транспортту техникалык текшерүү менен унаа мектептерге талап күчөтүлөт

Мындай сунушту өлкөнүн ички иштер министри өкмөттүн жыйынында айтты. Марат Ахметжановдун айтымында, темир тулпарлардын талапка жооп беришине атайын мекемелер тийиштүү көзөмөл жүргүзбөйт. Натыйжада жол кыймылынын коопсуздугу төмөндөп, жол кырсыктары көбөйдү. Акыркы 4 жылда техникалык регламенттин талаптарына жооп бербеген 100 миңден ашык айдоочу жоопкерчиликке тартылган. Чынында бул санды эки эсеге көбөйтүүгө болот, дейт министр.

Марат Ахметжанов, Казакстандын ички иштер министри:

- Техникалык кароо борборлорун ачуу боюнча талаптар кыскартылды. 2016-жылы аларды ачуу тартиби лицензиялоодон билдирүү түрүнө өзгөргөн. 2018-жылы бул кызматка уруксат берүү көзөмөлү алынып салынган. Мындай абал транспортту техникалык кароодон жалган өткөрүп, талон берүү практикасына алып келген. Коррупцияга каршы кызматы өткөн жылы ушундай 350 миң жасалма документ жасап, 600 миллион теңге мыйзамсыз киреше алган уюшкан кылмыштуу топту кармаган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков