Адамдын канындагы
кычкылтек коэффицентин жана дене табын, жүрөктүн кагышын, бейтаптын абалы
начарлап кеткенде тез жардам сигналын берип, автоматтык түрдө тез жардамды
чакыра алган саат. Таразда мектеп окуучулары жүрөк ооруларын алдын ала
аныктоочу акылдуу саат ойлоп табышты. Аппараттын колдонмосу жасалма интеллект
менен иштейт. Ойлоп табылган акылдуу саат бейтаптардын убактысын үнөмдөөгө жана
дарыгерлердин ишин мүмкүн болушунча жеңилдетүүгө багытталган - дешет жаш ойлоп
табуучулар.
Адия Турсынбай, жаш ойлоп
тапкыч:
Колдонмодо бизде GPS датчиги бар. GPS иштебей калса,
көрсөткүчтөр азайса, жакынкы туугандарга жана клиникага билдирүү жөнөтүүгө
болот. Бул аппаратта дары ичкени
тууралуу программа бар. Кайсы дарыны качан ичүү керек, башкача айтканда
тамактын алдында, тамак учурунда же тамактан кийин, канча дары ичүү керек жана
күнүнө канча жолу ичүү керектиги жазылган.
Дулат Исабек, жаш ойлоп
тапкыч:
Бул саатты жасаганыбызга
баш аягы 3 ай болду. 3 айдын ичинде биз мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат
издеп, саатыбыздын биринчи үлгүсүн жасап чыгардык. Негизи Казакстанда мындай
аппараттар жок. Бирок, чет өлкөлөрдө ушуга окшогон аппараттар бар, бирок
биздикиндей принцип менен иштеген сааттар азырынча чыга элек.
Келечекте ойлоп
табуучулар аппараттын көлөмүн кичирейтип, шакек түрүндө жасоону пландап
жатышат. Жаңы долбоор жергиликтүү клиникаларда тажрыйбадан өткөрүлөт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков