Казакстандын IT-стартабы Борбор Азияда мыкты деп табылды

Казакстандын IT-стартабы Борбор Азияда мыкты деп табылды

Алар Бишкекте өткөн Central Asian Tech Awards сынагында жети номинациянын үчөөнү жеңип алышты. Алардын баары Astana Hub эл аралык технопаркынын катышуучулары. Атап айтканда – темир жол ташууларын жол-жоболоштуруу жана тармактагы бизнес-жараяндарды автоматташтыруу үчүн айти-платформаны иштеп чыгуучу атамекендик компания жылдын жетишкендиги деп аталды. Сайт компанияларга жүктөрдү болгону 5 мүнөттүн ичинде тез каттоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, уюлдук телефондун же компьютердин экранынан дүйнөнүн каалаган жеринен жүктүн кыймылына көз салууга болот. Ишкананын өнүгүшүнүн аркасында республикада ички жүк ташуулардын 95%ы онлайн режиминде иштетилет. Мындан тышкары, платформа Казакстанга Борбор Азиянын транспорттук жана санариптик хабы болууга шарт түзөт.

Жалпысынан алганда, бул долбоор аймакка абдан чоң таасирин тийгизет, анткени автоматташтырылган башкаруу системасы бардык темир жол администрациялары менен интеграцияны орноткон. Алар Орусия темир жолу жана Кытай темир жолу. Бул эки өлкө менен толук интеграция орнотконбуз. Ага ылайык биз Казакстанга Кытай менен Орусия тарабынан келе жаткан жүктөрдүн бардыгын көрүп турабыз. Ал эми бизден жиберилген жүктөрдү Кытай менен Орусиялык кесиптештерибиз дагы көрүп турушат. Аткарылып жаткан иштердин басымдуу бөлүгү Өзбекстан менен Азербайжанга туура келет.

Бахыт Ержановдун айтымында, компания жеңиш менен катар, АКШдагы Силикон өрөөнүнө акысыз саякат жасоо сыйылыгына да ээ болду.  Белгилей кетсек, сынакка 114 арыз келип түшкөн, анын 39у Казакстандан.

Биз Астана Хабдын резиденттеринен ушундай эң сонун натыйжаларды алганыбызга абдан кубанычтабыз. Биздин максат ар дайым аларга экспортту өнүктүрүүгө жана аларды эл аралык рынокко алып чыгууга жардам берүү болуп саналат. Бул үчүн бизде өзгөчө жеңилдетилген салык режими, ошондой эле стартаптарды өнүктүрүү үчүн преференциялар менен программалар каралган. Борбор Азиядагы эң ири IT стартап-технологиялык паркы болгон Astana Hubтын негизги миссиясы аймактагы экспорттук дараметти жогорулатуу менен катар IT экспортун 2025-жылга чейин 500 миллион долларга жеткирүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков