АКШ элчилиги казак салтына ылайык эл аралык чай күнүн белгиледи

Социалдык тармактарда эл аралык чай күнүнө арналган видео кызуу талкууга алынды. Бул тууралуу Казакстандагы АКШ  элчилигинин расмий сайтында жарыяланды. Видеодо элчи Дэниел Розенблюм конокторду кабыл алып, жолугушуу өткөрүп жатат. Андан кийин аларды узатып койот. Ошол учурда ал өлкөнүн ар бир жаранына абдан тааныш сөздү айтат. Видеонун астында чайдын казакстандыктар үчүн жөн эле суусундук эмес, достуктун, меймандостуктун жана дипломатиянын символу экени жазылган. Чынында  эле, чай өлкөдө белгилүү суусундук болуп саналып, казак эли ​​бул суусундукту даамы жана пайдалуу касиеттери үчүн жакшы көрүшөт. Эске сала кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясы 2019-жылдын бугу айынын 21ин «Эл аралык чай күнү» деп жарыялаган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков