Казакстан менен Кытайдын ортосундагы «Хоргос» бекети
аркылуу күнүнө 30 миңге чейин адам
өтөт. Бул көрсөткүч тынымсыз өсүүдө. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын өлкөдөгү элчиси Хань Чуньлинь билдирди. Кытай
элчилигинде улуттук жаңы жыл майрамына арналган иш-чара өттү. Визасыз режим,
ошондой эле 2024-жылы Казакстандын Кытайдагы, ал эми 2025-жылы Кытайдын
республикадагы туризм жылдары тараптардын өз ара кызматташтык чөйрөсүн күчөттү.
Эң башкысы жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз жолугушуулар кызматташтыкка түрткү
берүүдө. Мисалы, өткөн жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин
Астанага келип, Борбордук Азия – Кытай саммитине катышты. Ал эми Мамлекет башчы
Касым-Жомарт Токаев Кытайда ШКУ+ саммитинде сөз сүйлөдү. Өнөктөштүктүн өнүгүшүнө
эки тараптуу товар жүгүртүү далил. Өткөн жылы ал 49 миллиард долларга жетти.
Мында ата мекендик экспорт 20%га өскөнүн белгилей кетүү керек.
Хань Чуньлинь, КЭРдин Казакстандагы Толук жана ыйгарым
укуктуу элчиси:
- «Электрондук сооданын Жибек жолу» демилгеси соода
байланыштарын кыйла бекемдеди. 2025-жылы Алашанькоу өткөрүү пункту аркылуу
Кытай менен Европанын ортосунда каттаган 8 миңден ашык жүк ташуучу поезд өтүп,
рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 6,3%га көп.
Кытай компанияларынын катышуусунда курулган «Караганды — Балхаш» автожолу да
ишке киргизилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

