Улуттук банк Р. Кошкарбаевдин 100 жылдыгына арналган тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды

Казакстанда «көрүнүктүү окуялар жана көрүнүктүү адамдар» сериясындагы коллекциялык тыйындар жүгүртүүгө чыкты. Алар Казакстандын Халык кахарманы, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Рахимжан Кошкарбаевдин 100 жылдыгына, ошондой эле атамекендик белгилүү археолог жана окумуштуу Кемал Акишевдин кылымдык мааракесине арналган.


Алмат Басенов, Улуттук банктын башкы дизайнери:


- Монеталар Казакстандын тыйын сарайында мельхиор эритмесинен жасалган. Алардын салмагы 15 грамм, диаметри 33 мм, тыйындардын сапаты алмаз-анциркулейтед, номиналы 200 теңге,  ар биринин тиражы 5000 даана. Монеталар Улуттук банктын интернет дүкөнү аркылуу сатылат .


Которгон: Назира Бегалиева