Астанадагы С. Сейфуллиндин музейи баалуу экспонаттар менен толукталды

Казак адабиятын түптөөчүлөрдүн бири Сакен Сейфуллиндин 130 жылдык мааракесине карата жазуучу жана мамлекеттик ишмер атындагы музей баалуу экспонаттар менен толукталды. Экспонаттар анын кыска өмүрүндө калтырган мурасын терең таанууга шарт түзөт. Музейдин мүдүрүнүн айтымында, көп жылдык эмгегинин аркасында акындын жеке буюмдары, ошондой эле 1922-жылы Сакен Сейфуллин республиканын Эл Комиссарлар Кеңешинин Төрагасы болуп турганда кабыл алынган Жер кодексин кошо алганда бир катар тарыхый документтер табылып, архивге тапшырылды. Анын атамекендик авиацияны өнүктүрүүгө жана Казакстанда биринчи авиа каттамдарды уюштурууга кошкон салымы чоң жаңылык болуп саналат. Белгилей кетсек, мааракеге карата Астанада адабий кече өттү. Катышуучулар Сакен Сейфуллиндин чыгармаларын окуп, бир катар спектаклдерди коюшту.

Марат Абсеметов, Сакен Сейфуллин музейинин мүдүрү:

- Казакстандын булуң-бурчунда чоң мекемелерде, окуу жайларда Сакендин 130 жылдыгы өтүп жатат. Сакендин бир нече буюмдары быйыл биздин музейге коюлду. Мында Сакендин Кызылордадан табылган жаңы буюмдарынын бири, кофе майдалагыч-кофемолкасы турат. Ал 1928-жылы Кызылордо педагогикалык институтунда ректор болуп турганда, ал кофе ичкенди жакшы көрчү, ага жардам берген кофе майдалагыч сакталып калган. Сакен 44 жыл гана жашап, бирок өмүрүн өз өлкөсүнө, элине арнады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков