Сенат биологиялык материал алмашуу тууралуу макулдашууну кабыл алды

Казакстан биологиялык материал алмашуу боюнча глобалдык тармакка кошулат. Сенат тиешелүү эл аралык кызматташтыкка байланыштуу мыйзамды жактырды. Келишим өлкөнүн улуттук изилдөө мекемелерине уникалдуу үлгүлөрдү алууга жана дүйнөнүн алдыңкы лабораториялары менен биргелешкен экспертизаларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Негизги шарт-биоматериал коммерциялык максатта колдонулбашы керек. Ал алуучу тарабынан атайын коргоо системасы бар лабораторияларда диагностикалык, мониторингдик жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү максатында гана колдонулат. Провайдерге ар кандай изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө ар тараптуу маалымат берүү зарыл. Ошентип, документ биологиялык материалдарды натыйжалуу жана коопсуз алмашуу үчүн укуктук негизди түзөт жана илимий иштеп чыгуулардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

– Макулдашууда жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын таралышына каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу каралган. Атап айтканда, тараптардын өзгөчө коркунучтуу оорулардын жайылышын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу боюнча биргелешкен иш-чаралары каралган. Бекитилген мыйзам макулдашууга катышкан өлкөлөрдүн ортосунда ветеринария жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жардам берет деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков