Улуттук гвардия аскрелери 101 жаштагы согуштун ардагерин куттуктады

Улуттук гвардия аскрелери 101 жаштагы согуштун ардагерин куттуктады

Астанада 101 жаштагы согуштун ардагери Рзагул Байкешевди Улуттук гвардиянын кызматкерлери өзгөчө урматка бөлөдү. Алар улгайган ардагердин короосуна тизилип, жеңиш парадын уюштурушту. Ардактуу кароолдун оркестри аскердик ырлардан чакан концерт берди.

Кылым жашаган аксакал атайын куттуктап барган жоокерлергекалоосун айтып, батасын берди.  Ал болгону 17 жашында фронтко аттанып, Ржевдеги салгылашууларга катышкан. Польша, Румыния жана Венгрияны бошотуп, Берлинге чейин барган. Мындай урмат-сый көрсөтүү иш-чаралары жакшы салтка айланган. Үчтүн айына карата өлкөдө жашаган 120 согуш ардагеринин алтоо Астанада жашайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков