Атырау облусунда лотос гүлдөдү

Атырау облусунда лотос гүлдөдү

Атырау облусунда лотос гүлдөдү. Экзотикалык гүлдөрдүн плантациясы Кигаш дарыясынын боюнда жана Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан. 5 миң гектар аянтты ээлеген лотос талаасын көрүүнү каалагандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Анын гүлдөп турган мезгилиндеги кооздугун көрүү үчүн Казакстандын бардык булуң-бурчунан гана эмес, чет өлкөлөрдөн да миңдеген туристтер келишет. Бул сезондо туристтик компаниялар атайын турларды уюштуруп, гид кызматтарын сунушташат.

 

Мейрамгүл Рахметоллаева, турист:

 

Бул лотос гүлүн көргөнү келе жатабыз. Биз бул жерге биринчи жолу үй-бүлөбүз менен келдик. Абдан кооз көрүнүш экен. Баарыбыз кубанычтабыз, жакшы эс алуу болуп жатат.

 

Кызыл китепке кирген лотос эң байыркы өсүмдүктөрдүн бири. Бул гүл дагы 200 миллион жыл мурун мезозой дооруна таандык казуу иштеринде кездешет. Көптөгөн өлкөлөрдө лотос жасалма жол менен өстүрүлсө, Казакстанда жапайы жаратылышта жана Атырау облусунда гана өсөт. Белгилей кетсек, бул гүлдөр Кытайда жана Индияда ыйык деп эсептелет. Каспийдин жээгинде түпсүз гүлдөрдүн пайда болушунун бир нече варианттары бар. Кээ бир божомолдор боюнча, канаттуулар үрөн алып келиши мүмкүн. Ал эми дагы бир пикирге караганда, өсүмдүктүн үрөнүн соодагерлер Улуу Жибек Жолу менен алып келишкен.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков