Казакстандын президенти Мьянманын президентинин милдетин аткаруучу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Казакстандын президенти Мьянманын президентинин милдетин аткаруучу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев Астанада Мьянманын Президентинин милдетин аткаруучу Мин Аун Хлайн менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мамлекет башчысы бул сапарды өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүгү катары караарын белгиледи. Анын айтымында, Мьянма өзүнүн өзгөчө маданиятына, уникалдуу каада-салттарына жана маанилүү геостратегиялык абалына ээ. Өз кезегинде Казакстан дагы негизги евразиялык транзиттик түйүн катары чыгууда, «Бир алкак, бир жол», «Түндүк – Түштүк» маршруту жана Ортоңку коридор сыяктуу негизги эл аралык транспорттук демилгелерге жигердүү катышууда. Тараптар транспорттук-логистикалык чөйрөдө гана эмес, айыл чарбасында, финансыда, Ай-Ти, санариптештирүүдө дагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүүлүгүн баса белгилешти. Мамлекет башчысы маектешин Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү, ошондой эле толеранттуулук саясаты менен тааныштырды. Мин Аун Хлайн Касым-Жомарт Токаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, конструктивдүү кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков