Транспорт-лиогистика тармагын өнүктүрүү дарамети

Транспорт-лиогистика тармагын өнүктүрүү дарамети

Тармактык министрликтер, мамлекеттик уюмдар жана бизнес Казакстандын транспорт-логистикасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Астанада ата мекендик ишкерлер кеңешинин жыйынында өлкөнүн премьер-министри жана жергиликтүү ишкер жарандар автоунаа, темир жол, суу жана авиация тармактарындагы учурдагы абал боюнча конструктивдүү диалог курушту. Олжас Бектенов транспорт министрлигине үстүбүздөгү жылдын жалган куран айынын 1не чейин темир жолдун курулушуна инвестицияларды кайтаруу механизми боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле, автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин киргизүү сунушу айтылды. Өкмөт башчы бардык демилгелерди колдоп, аэропорттордун иши үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Буга кошумча ал транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү мамлекет менен бизнестин активдүү өз ара аракеттенүүсүн талап кылаарын белгиледи. Ошондуктан, жеке инвестицияларды тартууга өзгөчө басым берилүүгө тийиш.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков