ЕАЭБ рыногу эл аралык бизнес үчүн барган сайын тартымдуу болуп баратат. Ага Азия,
Жакынкы Чыгыш, Африка жана Латын Америка өлкөлөрү кызыгууда. Орусиянын Стандартташтыруу
институтунун башкы мүдүрүнүн
орун басары Алексей Ивановдун пикиринде, бирдиктүү эрежелер жана техникалык
нормалар компанияларга дароо беш мамлекеттин рыногуна жетүүнү жеңилдетет.
Алексей Иванов, «Стандартташтыруу
институту»
федералдык мамлекеттик бюджеттик
институтунун башкы мудүрүнүн
орун басары:
– Тышкы аянтчалардан бул рыноктун түзүлүшүн түшүнүүгө байланыштуу көптөгөн суроо-талаптар түшүп жатканынан улам, бул базар алар үчүн өтө талап кылынган жана абдан кызыктуу экени байкалууда. Көптөгөн өлкөлөр рынокту изилдөө маселесине өзгөчө көңүл буруп жатышат, жана бул рынокко кантип кирүүгө болоруна кызыгышууда. Балким, бүгүнкү күндө алар бул рынокто азырынча жок болушу мүмкүн, бирок алар өз продукциясын кайсы багытта өркүндөтүү керектигин, мүнөздөмөлөрүн кантип жакшыртуу зарылдыгын активдүү изилдеп жатышат. Мунун баары биздин жалпы рынокко чыгууга багытталган
Которгон: Илгиз Жамалбеков

