Акордодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерин сыйлоо аземи өттү. Өлкө президенти алгач журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, жылуу каалоосун билдирди. Касым-Жомарт Токаев алдыңкы глобалдык технологиялар доорунда коомду ыкчам, сапаттуу жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууну асыл милдет деп атады. Мамлекет башчысы ата мекендик басма сөздүн аркасында өлкө жарандары жана дүйнөлүк коомчулук Казакстанда жүрүп жаткан кеңири масштабдуу өзгөрүүлөрдүн маңызынан кабардар болуп жатканын баса белгиледи. Айрыкча конституциялык реформаны ишке ашырууга медиа өкүлдөрүнүн кошкон салымы өзгөчө белгиленди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Бардык элди бир максатка
бириктирген жалпы иште медиа тармагынын адистеринин маанилүү ролду ойногондугун
өзгөчө белгилеп кетүү зарыл. Журналисттер жамааты Конституциялык комиссиянын
иши тууралуу сапаттуу жана мазмундуу кабарларды таратты. Ошондой эле Баш
мыйзамга киргизүү үчүн сунушталган өзгөртүүлөргө байланыштуу ар тараптуу талдоо
ишин жүргүздү. Өнөктүк учурундагы түз эфирлер, талдоочулук материалдар жана
билим берүүчү маектер – мунун айкын далили.
Касым-Жомарт Токаевдын пикиринде, ата мекендик массалык маалымат каражаттары өздөрүнө жүктөлгөн милдетти жогорку денгээлде аткаруу учун эл аралык медиа коомчулугундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга тийиш. Бул жагынан гезиттер жана телеканалдар жаңы форматка өтүп, инновациялык мультимедиалык платформа түзүп, заман талабына жараша өнүгүп келе жатканын кошумчалай кетти. Президент маалымат чөйрөсүнүн кызматкерлери улуттун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүчү баалуулуктарды жигердүү жайылтуусу керектигин кошумчалады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Сиздер коомдо «Мыйзам жана
тартип», «Адилеттүү жаран» принциптерин орнотууга, ошондой эле «Таза Казакстан»
концепциясын кеңири жайылтууга жигердүү катышып келесиздер. Ошону менен
элибиздин жашоо мүнөзүн жана аң-сезимин жаңыртууга чоң эмгек сиңирип жатасыздар.
Алдыда да маалымат чөйрөсүнүн адистери элдин жыргалчылыгына кызмат кыла берет
деп ишенем.
Президент өлкөнүн медиа тармагынын мыкты адистерине жогорку мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын катарында Президенттин телерадио комплексинин кызматкерлери да бар. «Jibek Joly/Silk Way» телеканалынын алып баруучусу Айгуль Мукей «Парасат» ордени менен, ал эми башкаруучу мүдүрүнүн орун басары жана «Reporter with President» программасынын алып баруучусу Айнур Имангали менен улук телеоператор Жаңабай Ахметов «Эрен эмгеги үчүн» медалы менен сыйланышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

