Коргоо министри Президентке – Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы Касым-Жомарт Токаевге армиянын күжүрмөн даярдыгынын абалы тууралуу маалымат берди. Руслан Жаксылыков күжүрмөн даярдыкка жана өздүк курамды даярдоого багытталган негизги аракеттерге токтолду. Муну менен катар, Куралдуу күчтөр үчүн каатчылык кырдаалдарда, анын ичинде азыркыдай суу ташкындарына каршы күрөшүүдө борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары менен натыйжалуу байланыш түзүү маанилүү экенине көңүл бурулду. Президентке Куралдуу күчтөрдү заманбап техника жана курал-жарак менен жабдуу, аймактык коргонуу күчтөрүн чыңдоо, аскердик инфраструктураны жакшыртуу иши тууралуу баяндалды. Ошондой эле, Коргоо министри Казакстандын ШКУга жана ЖККУга төрагалыгынын алкагында 2024-жылга мерчемделген иш-чаралар, масштабдуу окуу-машыгуу жыйындарын, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү тууралуу маалымат берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков