Касым-Жомарт Токаев менен Уильям Руто «Казакстан – Кения» бизнес-форумунун ишине
катышты. Мамлекет башчысы өлкөнүн
мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп, өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча сунуштарды айтты.
Мисалы, Казакстан Борбордук Азиядагы эң ири экономика болуп саналат. Бул ИДӨнүн 6,5%га өсүшү менен тастыкталат.
Мындан тышкары, республикада инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын
коргоону камсыз кылуу үчүн институционалдык база түзүлгөн. Ал эми бекем пайдубал жаңы
Конституциянын өзүндө түптөлгөн. «Казакстан – Кения» Ишкердик кеңешин түзүү,
үзгүлтүксүз соода миссияларын өткөрүү, тажрыйба алмашуу – бул конкреттүү
кадамдар эки өлкөнүн практикалык өз ара аракеттенүүсүн күчөтө алат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Казакстандын Кениядагы ардактуу
консулунун бизнести координациялоо боюнча дайындалышы биздин өлкөлөрдүн
ишкерлеринин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өбөлгө
түзөт. Ошондой эле транспорттук жана логистикалык инфраструктураны жакшыртуунун
келечектүү жолдорун иштеп чыгуу үчүн серепчилик топ түзүү сунушталууда. Бул
чараларды ишке ашыруу министрлер деңгээлинде соода-экономикалык кызматташтык
боюнча өкмөттөр аралык комиссияны тез арада түзүү үчүн бекем негиз түзүүгө
мүмкүндүк берерине ишенем.
Өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө биринчи
кезекте транзиттик-транспорттук тармак мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө Казакстан
негизги евразиялык транзиттик хаб болуп саналат. Кытай менен Европанын
ортосундагы бардык кургактык транзиттик ташуулардын 85% өлкөнүн аймагы аркылуу
өтөт. Өз кезегинде Кения Чыгыш Африкага негизги логистикалык дарбаза болуп
саналат, ал 300 миллион адамдан турган рынокко жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
Ортоңку коридордун Момбаса жана Ламу порттору менен байланышы товар жүгүртүүнү
көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Айыл чарбасы дагы артыкчылыктуу багыт болуп
саналат. Казакстан дан эгиндерин экспорттоону көбөйтө алат, ал эми Кения чай,
кофе жана гүл жеткирүүнүн көлөмүн арттырат. Президенттин айтымында, эки
тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү багыты тоо-кен өнөр жайы жана
геологиялык чалгындоо болуп саналат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Биз геология, чалгындоо, казып
алуу жана кайра иштетүү жаатында өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн олуттуу
мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турабыз. Казакстан бул тармактагы билими жана тажрыйбасы
менен бөлүшүүгө даяр. Биз «Самрук-Казына» менен NAMICO компаниясынын ортосунда
Кенияда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде жер казынасын
пайдалануу жана геологиялык чалгындоо тармагындагы демилгелерди издөө, баалоо
жана илгерилетүү боюнча келишимге кол коюлганын кубаттайбыз.
Тараптар санариптештирүү, жасалма интеллект жана космостук технологиялар жаатында кызматташуунун келечегин белгилешти. Ошондой эле Астана жана Найроби шаарларынын каржылык борборлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча макулдашышты. Өз кезегинде Уильям Руто Казакстан менен Кения биргелешип Борбордук Азия менен Африканын ортосунда жаңы экономикалык көпүрө кура аларына ишеним билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

