2023-жылы Казакстанга 9,2 миллион чет элдик турист келди

2023-жылы Казакстанга 9,2 миллион чет элдик турист келди

Былтыр туризм казак бюджетине 450 миллиард теңге рекорддук салык алып келди. Жалпысынан ички туризм тармагы негизги көрсөткүчтөр боюнча тарыхый чекке жетти. 2023-жылы өлкөгө 9 миллиондон ашык адам келген. Бул 2022-жылга караганда эки эсеге көп. 2023-жылдын аягындагы жыйынтыкка таянсак 9 жарым миллиондон ашык казакстандыктар өлкө ичинде саякатка чыккан. Өкмөттүн жыйынында тармакты өнүктүрүү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мекеменин башчысы Ермек Маржикпаев маалымат берди.

Ермек Маржикпаев, Туризм жана спорт министри:

-Өткөн жылдын аягында 131 миллиард теңгеге 33 долбоор бүткөн. 2023-жылы Мангыстау облусунун «Жылуу жээкке» инфраструктураны түзүү боюнча бир катар долбоорлор аяктады. Быйылкы жылы Алматы, Шымкент жана Кызылорда шаарларында үч аэропорттун терминалын курууну аяктоо пландалууда. Бул жүргүнчүлөрдүн агымын бир топ жогорулатып, туристтик багыттардын жеткиликтүүлүгүнө оң таасирин тийгизет.

Министр бүгүнкү күндө Казакстан 108 каттам боюнча 29 өлкөгө аба каттамдарын аткарып жатканын билдирди. Ошондой эле 82 мамлекеттин жарандары өлкөгө визасыз келе алаарын эскертти. Чет элдиктердин республикада жүрүү жана узак мөөнөткө калуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн Neo Nomad визасын киргизүү мерчемделип жатат. Андан экономикалык эффект жыл сайын 3 миллиард теңгени түзүшү күтүлүүдө. Ошондой эле, мекеме келе жаткан жайкы сезондо туристтер үчүн коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ага ылайык, Казакстанда саякатчылар үчүн атайын SOS-баскычы пайда болот. Ата мекендик иштеп чыгуу интернет байланышы жок аймактарда иштейт.



Которгон: Илгиз Жамалбеков