Казакстандын өкмөтү «Ата жолу» картасын колдонууну каалагандарды колдоого даяр. Ал чет өлкөдө жашаган этникалык казактарга 10 жылдык мөөнөткө берилет. Ушул убакка чейин карта 55 адамга берилип, алардын 13ү өлкөгө келген. Картанын ээси Казакстанда жумушка орношуу же бизнес, социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү, кепилденген медициналык жардамга жетүү, билим алуу сыяктуу кызматтарды колдоно алат. Бирок анын мамлекеттик кызматта иштөөгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга, республикалык референдумга катышууга же добуш берүүгө укугу жок.
Ерболат Абулхатин, Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин комитети төрагасынын орун басары:
- «Ата жолу» картасын эки багытта алса болот. Биринчиси – чет өлкөдө жашап, ошол жакта төрөлгөн этникалык казактар. Ошондой эле ошол жакта билим алган, суроо-талапка ээ адистер. Алар врачтар, мугалимдер, инженерлер, адистештирилген тармактардын адистери. Башкача айтканда, чет өлкөдөн алган билимин Казакстанда колдонууну каалагандар. «Ата жолу» картасын алуунун экинчи жолу – чет өлкөдө ийгиликтүү бизнес-кейстерди ишке ашыргандар үчүн. Ошол бизнесин тарыхый мекенинде жүзөгө ашырууну каалагандар.
Белгилей кетсек, «Ата жолу» миграциялык картасы Касым-Жомарт Токаевдин Казакстанга чет өлкөдөн кесипкөйлөрдү жана ийгиликтүү ишкерлерди тартуу тапшырмасын аткаруу максатында киргизилген. Долбоор былтыртан бери ишке ашырылып келет. Карта алууга «Куттуу мекен», E-Qonaq мобилдик тиркемелери аркылуу арыз берүүгө же Казакстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине кайрылууга болот. Бүгүнкү күндө 250 адам 18 мамлекеттеги элчиликтеринен кеңеш алышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков