Кытай-Казакстан: Соода көлөмү 40 млрд долларга жеткирилет

Казакстан Кытайга экспортту 135 товардык позицияда 1 миллиард долларга арттырууга ниеттенүүдө. Ата мекендик ишкерлер КЭРнын рыногуна өнөр жай жана айыл чарба өнүмдөрүнүн жаңы түрлөрүн жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу борбор калаада эки өлкөнүн экспортчуларынын форумунда соода жана интеграция министри билдирди. Бул жаатта былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Кытай өлкөнүн тышкы соода өнөктөштөрүнүн ичинен алдыңкы орунга чыкканын белгилей кетүү керек. Маселен, өткөн жылы тараптардын өз ара соода жүгүртүүсү 31,5 миллиард долларды түзүп, рекорддук деңгээлге жеткен. Анын жарымына жакыны экспортко тиешелүү. Башкача айтканда, коңшу өлкөнүн баасына жеткирилген казакстандык өнүмдүн көлөмү 12%га өскөндүгү байкалат. Мүмкүнчүлүктөр дагы да болсо бар. Эми кыска мөөнөттүн ичинде өз ара товар жүгүртүүнү 40 миллиард долларга жеткирүү мерчемделип жатат. Бул планды айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын масштабын кеңейтүү аркылуу толтуруу көздөлүүдө. Айрыкча, КЭРда Казакстандын кылкандуу дан эгиндерине суроо-талап артып келет. 

 

Арман Шаккалиев, Соода жана интеграция министри: 


- Кытай Эл Республикасынан бизнесмендерди чакырдык, алардын жалпы саны 200дөн ашты. Мисалы, жүгөрү боюнча ушул форумдун алкагында 300 миң тоннага форварддык келишимдерди түзүүнү көздөп жатабыз. Буга кошумча, Кытай бизден 500 миң тоннага чейин рапс майын сурап жатат. 

 

Рустам Жанатаев, Азык-түлүк келишим корпорациясы Улуттук компаниясынын башкаруучу мүдүрү: 


- 2022-жылы буудайдын экспорту болгону 130 миң тоннаны түзгөн. Ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 600 миң тоннага чейин жеткен. Үстүбүздөгү жылдын үч айына жетпеген убакытта Казакстандан 200 тонна эгин жөнөтүлдү. Биз бул багытта чоң дараметти көрүп жатабыз. Ошондуктан  өлкөдөн Кытайга бул экспорт көлөмүн кеминде 1 миллион тоннага чейин жеткире алабыз. Ошентип, Кытайды казакстандык буудайдын салттуу сатып алуучу мамлекетине айлантууну көздөп жатабыз. 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков