Казакстанда жаңы коллекциялык монеталар сатыкка чыкты. Өлкөнүн Улуттук банкынын маалыматы боюнча, биринчиси - AI•KÚN, экинчиси ак илбирстин бейнеси менен жасалган. Мисалы, AI•KÚN 925-күмүш үлгүсүнөн заманбап технологияларды колдонуу менен жасалган. 3 миң даана менен чыккан монетанын номиналы - 500 теңге. Ал эми ак илбирске келсек, ал 30 миң нуска менен чыгарылды. Номиналы - 1, 2, 10, 20, 50, 100 жана 200 теңге болот.
Алмат Басенов, Улуттук Банктын башкы
дизайнери:
- Ай менен күн. Бул биздин мурунтан
бери келе жаткан «Сыйкырдуу символдор» сериясынын уландысы. Бул ирет биз казак
элине жана көчмөн цивилизациясына гана эмес, дүйнөдөгү кээ бир адамдар аздектеген
символдорго арнап жатабыз. Байыркы убакта адамдар күн сайын үстүбүздө жаркырап
турган асман телолоруна сыйынышканын баары билет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков