Мамлекет башчы Индиянын Премьер-Министрине телеграмма жолдоду. Касым-Жомарт Токаев Нарендра Модини
жогорку кызматка кайра шайланышы менен куттуктады. Ошондой эле Индиянын жарандарынын
анын көрөгөч саясатына чексиз ишенимин жана колдоосун көрсөтүп жатканын
белгиледи. Касым-Жомарт
Токаев Казакстан Индия
менен бекем достук, жалпы баалуулуктар жана элдердин ортосундагы жакшы
мамилелерге негизделген көп жылдык стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалай
турганын кошумчалай кетти.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков