Мөмө-жемиштер жана ашкабактын уругу ширеси бар кымыз.
Өлкөдө казактын улуттук тамактары көп патенттеле баштады. Лицензияланган өнүмдөр
мурдагы калыбында эмес, салттуу технологияны сактоо аркылуу жаңы ыкма менен заманбап
талаптарга ылайык иштелип чыкты. Башкача айтканда, эскинин мааниси жоголбостон
жаңыга айланган. Болгону курамында бир аз өзгөчөлүк болду. Тармактык мекеме өкүлдөрүнүн айтымында,
домбра, кобыз, шанкобыз, жетиген, бешик, ошондой эле боз үй жасоо ыкмалары
ушундайча пайда болгон. Өлкөнүн Юстиция
министрлигинин маалыматы боюнча, кымыз, шубат, саамал, таруу чай, айран сыяктуу
улуттук суусундуктардын басымдуу бөлүгү патенттелген. Ошондой эле бул тизмеде
сыр, быштак, сүзмө, жент жана талкан бар. Учурда адистер менен товарларды географиялык
көрсөткүч катары каттоо боюнча 15 арыз каралууда.
Талгат Уали, Юстиция министрлигинин расмий
өкулү:
-Башкача айтканда, өндүрүшчүлөр бизге арыздарын
беришкен жана учурда бул маселелер изилденип жатат. Келечекте алар Казакстанда
географиялык көрсөткүч катары катталышы мүмкүн. Ушул тапта расмий түрдө алты
гана географиялык аталыш катталган. Алар Turkistan балмуздагы, Turkistan шоколады,
Караганды балмуздагы, грузин чачасы, Алматы апорту жана Сайрам торту.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков