Казакстанда БУУӨПтүн чакан гранттар программасынын жыйынтыктары тааныштырылды

Казакстанда БУУӨПтүн чакан гранттар программасынын жыйынтыктары тааныштырылды

Казакстанда акыркы үч жыл ичинде 87 миң гектардан ашык деградацияланган жер калыбына келтирилип, парник газдарынын бөлүнүп чыгышы 23 миң тоннага кыскартылды. Мындан тышкары, 26 миң жаран экологиялык демилгелерге түздөн-түз катышты. Бул жыйынтыктарга Глобалдык экологиялык фонду, Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин колдоосу менен өлкөдө ишке ашырылып жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын кичи гранттар демилгесинин жетинчи фазасынын алкагында жетишилди. Үч жылдын ичинде Казакстандын он аймагында туруктуу айыл чарба, жашыл энергия, экологиялык билим берүү чөйрөлөрүндө 25 долбоор ишке киргизилди. Программанын катышуучулары каржылоого ээ болуу менен гана чектелбестен, пландаштыруудан баштап жыйынтыктарды баалоого чейин долбоорлорду башкаруунун практикалык көндүмдөрүн да алышты. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрүнүн айтымында, программа көп жылдардан бери туруктуу өнүгүүгө багытталган жаңы ыкмаларды киргизүүгө көмөк көрсөтүп келет. Ошондой эле ал өлкөдөгү келечектеги экологиялык жана социалдык демилгелер үчүн бекем негиз түзүүдө.


Сухроб Ходжиматов, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Казакстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары:


– Бул долбоордун ар бир этабы эки жылдан төрт жылга чейин созулат, ошондуктан бул Казакстанда ондогон жылдардан бери иштеп келе жаткан жана ар дайым позитивдүү натыйжаларды берип, мамлекеттик саясатта да, ченемдик актылардын айрым концепцияларын ишке ашырууда да жаңы идеялардын, жаңы механизмдердин пайда болушуна шарт түзүп жаткан долбоор экендиги туура белгиленген. Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланып, Казакстандагы Өнүгүү программасы тарабынан башкарылган чакан гранттар программасы мультисекторалдык деп аталууга толук мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков