Казакстан менен Тажикстандын ортосунда бардык тармактарда мамилелерди өнүктүрүүнүн туруктуу жана позитивдүү динамикасы белгиленүүдө. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушууда айтты. Бул багытта Казакстандын президенти өткөн жылы кол коюлган союздук мамилелер тууралуу келишимди өзүнчө белгиледи. Ал Астана менен Дүйшөмбүнүн көп кырдуу жана жемиштүү кызматташтыгында жаңы этапты белгиледи. Мамлекет башчысы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн жана өлкөлөр ортосунда чечилбеген маселелердин жоктугун баса белгиледи. Өз кезегинде Тажикстандын Тышкы иштер министри өлкөлөр эгемендик жылдарында өз ара пайдалуу мамилелерди жана тыгыз байланыштарды түзүшкөнүн белгиледи. Маектештер буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн да карап чыгып, регионалдык коопсуздук, суу-энергетикалык кызматташтык маселелерин жана Борбор Азияны туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

