Профсоюздар президенттин реформасын колдошту

Профсоюздар президенттин реформасын колдошту

Казакстандын профсоюздар федерациясы 27-курултайында Казакстандын Президентинин реформаларын колдоду. Делегаттар өзгөчө көңүлдү профсоюздардын «Угуучу мамлекет» концепциясын ишке ашырууга катышуусуна жана коомдук диалогду өнүктүрүүгө кошкон салымына бурушту. Ошондой эле курултайдын катышуучулары Президенттин 2025-жылды Жумушчу кесиптердин жылы деп жарыялоо демилгесинин маанилүүлүгүн белгилешти. Мындай чечим эмгек ишмердүүлүгүнүн кадыр-баркын жогорулатат жана кесиптик өсүштү колдойт. Мындан тышкары, форумдун жыйынтыгында Казакстандын профсоюздар федерациясынын 2030-жылга чейинки ишмердүүлүгүнүн стратегиясы бекитилди. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө уюм 2 миллионго жакын мүчөнү жана 24 тармактык профсоюзду бириктирет.

Которгон: Назира Бегалиева