Кыргызстан Европага учуу укугун алышы мүмкүн

Кыргызстан Европага учуу укугун алышы мүмкүн

Кыргызстандыктар Европага түз уча алышы мүмкүн. Бул үчүн Еврокомиссия Борбор Азиялык өлкөнүн авиакомпаниясын өзүнүн «кара тизмесинен» чыгарышы керек. Бул тууралуу 2025-жылдын бугу айында өтө турган акыркы аудиттен кийин гана белгилүү болот. Кыргызстандын жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, республика авиациялык коопсуздукту жакшыртуу, эл аралык стандарттарды киргизүү жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча активдүү иштерди жүргүздү. Серепчилердин пикиринде, Кыргызстан үчүн авиация өтө маанилүү байланыш каражатына айланууда, анткени өлкө тоолуу аймакка кирет жана деңизге чыга албайт. Блэклисттен чыгаруу жаңы аба каттамдарын, анын ичинде Париж, Берлин жана Лондон сыяктуу багыттарды өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде атамекендик экономиканын өсүшүнө гана эмес, жалпысынан туризмдин өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизет.


Эльдар Шабданов, Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөсү:


- Биздин авиакомпаниялар кара тизмеден чыгып жатат деген жаңылыктын өзү биздин өлкө үчүн, өзгөчө туризм тармагы үчүн абдан чоң жеңиш. Анткени биз, туризм тармагында иштеген ишкерлер, өлкөбүздүн туризмин өнүктүрүү жолундагы беш чоң көйгөйдүн бири деп көптөн бери айтып келе жатабыз. Анткени негизги фактор, негизги, чынжырча, саякат чынжырынын негизги өнүмү  авиакомпаниялар. Бул, албетте, туристтик топтомдун төмөндөшүнө, биздин өлкөгө туристтик агымдын көбөйүшүнө кызмат кылат.


Белгилей кетсек, Кыргызстандын учактары бүгүнкү күндө Казакстандын ондогон шаарларына анын ичинде Астана, Алматы, Актөбе, Атырау, Тараз, Орал жана  Өскеменге учат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков