Улуттук банк санариптик инвестициялык ÚKI монетасын тааныштырды

Улуттук банк санариптик инвестициялык ÚKI монетасын тааныштырды

Казакстандык санариптик инвестициялык UKI монетасы Берлинде өткөн Бүткүл дүйнөлүк валюта көргөзмөсүндө жогору бааланды. Бул жерде өлкөнүн Улуттук банкы бир эле учурда алдыңкы технологияларды жана монета искусствосунун салттарын айкалыштырган долбоорду ишке киргизүүнүн жана ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды. Белгилей кетсек, дүйнөдөгү эң ири нумизматикалык платформа жыл сайын планетанын ар кайсы аймактарынан келген монета коомчулугунун өкүлдөрүн чогултат. Казакстан бул көргөзмөгө 2000-жылдан бери катышып келет. Эске сала кетсек, ÚKI инвестициялык монетасы 100 теңге номиналындагы алтындан жасалган.


Айнур Идрисова, Улуттук банктын накталай акча жүгүртүү департаментинин накталай акча жүгүртүү долбоорлору башкармалыгынын башкы адис-экономисти:


- Эл аралык серепчилер долбоордун инновациялуулугун, каржылык билимге багытталганын, Казакстандын монета чыгарган ÚKI алтын инвестициялык тыйындын  сапаты жана эксклюзивдүү дизайнын жогору баалашты. Монетанын концепциясы Улуттук банктын дизайнерлери тарабынан иштелип чыккан. ÚKI санариптик инвестициялык монетасын каалаган убакта, дүйнөнүн каалаган жеринен онлайн сатып алууга жана кайра Улуттук банкка сатып, белекке берсе болот. Ал эми жетиштүү көлөмдө топтолгондо Улуттук банктын аймактык бөлүмдөрүндө физикалык алтын инвестициялык монетага алмаштырууга мүмкүн.


Которгон: Илгиз Жамалбеков