Казакстан Вьетнамга экспортту көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Дээрлик 100 миллион долларлык өнүмдүн 35 түрү боюнча чоң дарамет бар. Бул тууралуу Астанада өткөн эки өлкөнүн соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынында сөз болду. Казакстан биринчи кезекте металлургия, мунай-химия, химия жана тамак-аш өнөр жайы сыяктуу тармактардын товарларын жеткирет. Өлкө дан, ун, макарон, сүт жана эт азыктарын экспорттоого дагы кызыкдар. Бирок, соодалоо үчүн стандарттарды иштеп чыгуу керек. Ошону менен бирге өнүмдүн коопсуздук жана сапат талаптарына ылайык келүүсүн камсыздоо үчүн сертификация жараянынан өтүү зарыл. Жакын арада тараптар мал чарба өнүмдөрүн экспорттоодо санитардык жана ветеринардык талаптар боюнча маалымат берүүнү макулдашты.
Арман Шаккалиев, соода жана интеграция министри:
– Өткөн жылы Ханойдогу соода миссиясынын аянтчасында Казакстан-Вьетнам бизнесинин өз ара иштешүүсүнүн жаңы форматы пайда болду. Биз жакынкы арада экспортубузду 35 товардык позиция боюнча 100 млн доллар суммасында өстүрүүгө даярбыз. Казакстандык экспорттук акселерация компаниялары Вьетнамдын максаттуу экспорттук рыногун аныкташты. Бул программа көпчүлүк компаниялар Вьетнам рыногуна жергиликтүү өкүлдөр же дистрибьюторлор аркылуу кирүүнү караштырып жатканын көрсөттү. Өткөн жылдын аяк оона айында кызматташтыкты бекемдөө максатында ири компаниялар менен бизнес жолугушуулар өткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, Казакстан менен Вьетнамдын ортосундагы өз ара соода алмашуусу жогорулап, өткөн жылы ал 85%га өсүп, 980 млн долларды түздү. Эске сала кетсек, 2023-жылдын жай айларында мамлекет башчылары жакынкы жылдарда эки тараптуу соода жүгүртүүнү бир жарым миллиард долларга жеткирүүнү макулдашышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков