Казакстан дүйнөдө алгачкылардан болуп өзөктүк куралдан баш тартып, Семей полигонун жапты. Бул кадам эл аралык коопсуздукка чоң салым катары бааланды. Ушул жана башка демилгелер быйыл 80 жылдыгын белгилеп жаткан БУУнун ишинде маанилүү орунду ээлейт. Өлкө уюмга 33 жыл мурун кошулган. Бул глобалдык маанидеги эң актуалдуу маселелер боюнча Казакстандын активдүү позициясын билдирүүгө жол ачты. Алматыда өткөн илимий-практикалык конференцияда тараптар ортосундагы байланыштар жана өлкөнүн демилгелери талкууланды. 2017-2018-жылдары Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болуп, тынчтык жана коопсуздук маселелерин көтөрдү. Жыйынга катышуучулар бүгүнкү күндө өлкө тынчтыкты орнотуу миссияларына активдүү катышууну, туруктуу өнүгүү максаттарын жигердүү илгерилетүүнү жана долбоорлорго демилгечи болуусун улантып, уюмдун негизги принциптерин бекем карманып келерин белгилешти.
Жанибек Абдирашов, Тышкы иштер министрлигинин Алматыдагы өкүлчүлүк башчысы:
- Бизде 18ге жакын агенттик бар. Бул жерде ЮНЕСКОдон баштап качкындар боюнча Жогорку комиссардын кеңсесине чейин жайгашкан. Алар ар кандай мандаттарга, туруктуу өнүгүүгө тиешелүү бардык маселелерди козгойт. Алардын арасында экономика, социалдык чөйрө жана качкындар маселеси да бар. Дал ушул Алматы аймактык хабы Борбор Азия аймагына жол ачкан дарбаза десе болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

