Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин курултайынын астында ак ниет элчилер институту түзүлдү

Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съезди 2025-жылдын аяк оона айынын 17-18де өтөт. Бул тууралуу Астанадагы курултайдын Катчылыгынын жыйынында белгилүү болду. Алдыдагы жыйын «диндердин диалогу: келечекке карай синергия» деп аталды. Андагы көтөрүлгөн темалар, адаттагыдай эле, Ааламдын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге арналат. Башкача айтканда, катышуучулар адамзаттын консолидациясында жана дүйнөнүн туруктуу өнүгүшүндө диндин ролу, санариптештирүү доорунда руханий баалуулуктарды сактоо, экстремизм менен күрөшүү сыяктуу маселелерди талкуулашат. Ошондой эле катчылыктын отурумунда дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайында «ак ниет элчилер институту» түзүлдү. Бул кызматка көрсөтүлгөн беш адамдын арасында ырчы Димаш Кудайберген бар.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын спикери:

– Биз Конгресстин ак ниет элчилери институтун түзүүнү пландап жатабыз. Бул руханий дипломатиянын маанилүү элементи болушу керек. Биз кадыр-барктуу диний, саясий жана коомдук ишмерлерди жыйындын максаттарын жана идеяларын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө салым кошууга чакырабыз.

Мухаммед Зия-Уль-Хак, Исламабад Эл аралык Ислам университети институтунун мүдүрү: 

– Бул жыйын узак мөөнөттүү натыйжага умтулууда. Конфессиялар аралык диалог бүткүл дүйнөнүн каалоосу болгон. Казакстан муну салтка айландырды. Учурда кеп конфессиялар аралык диалог жана Казакстан Республикасынын бул ишке кошкон салымы жөнүндө болуп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков