Астанадан Бурабайга жаңы электропоезд каттай баштайт

Астанадан Бурабайга жаңы электропоезд каттай баштайт

Астанадан Бурабайга жаңы электропоезд каттай баштайт. Казакстандын бермети болгон эң популярдуу туристтик жайга болгону 2,5 саатта жетүүгө болот. Заманбап поезд эл аралык стандарттарга жооп берет – санариптик чечимдерден баштап көп деңгээлдүү тейлөөгө чейин. Мисалы, вагондордо Wi-Fi, экрандар жана борттогу тамак-аш мүмкүнчүлүктөрү каралган. Ыңгайлуу отургучтар, муздаткычтар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн кеңейтилген кеңселер, ошондой эле автоматтык тепкичтер, заряддоочу түзүлүштөр бар. Белгилей кетсек, жаңы ылдам жүрүүчү электропоезд ички туризмди өнүктүрүүгө жана транспорттук инфраструктураны жакшыртууга багытталган.

Нурсултан Ибраев, Казакстан Темир жолу улуттук компаниясынын PR-менеджери:

- Электропоезд Петропавловск шаарындагы жергиликтүү заводдо чыгарылган жана бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Ал тейлөөнүн үч классына бөлүнгөн. Электропоезд жумасына беш жолу каттайт, курамында 374 орундуу алты вагон бар. Билеттердин баасы тейлөө классына жараша 3 миңден 6 миң теңгеге чейин өзгөрөт. Ошондой эле, электропоезддин жүрүү убактысы мейманканаларга кирүү жана чыгуу убактысы менен айкалыштырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков