Азиянын аймактык уюмдарынын кызматташтыгын бекемдөө
маселеси Астанада, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча
кеңештин (АӨИК) катчылыгынын 20 жылдыгына арналган тегерек столдо талкууланды.
Иш-чарага БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Өз ишинин
жылдарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме,
өлкөлөрдүн ортосундагы диалог жана өз ара аракеттенүү үчүн натыйжалуу аянтча
болуп калды. Уюмдун башкы катчысы Кайрат Сарыбай белгилегендей, глобалдык чакырыктардын
күчөшү шартында климаттын өзгөрүшүнөн баштап, жеткирүү чынжырларындагы
үзгүлтүктөргө жана азык-түлүк коопсуздугуна чейин – эч бир өлкө же уюм бул
маселелерди өз алдынча натыйжалуу чече албайт. Бул үчүн өнөктөштөр менен
координацияны бекемдөө зарыл. Ал эми Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним
чаралары боюнча кеңешме тышкы байланыштарын жигердүү өнүктүрүп жатат.
Кайрат Сарыбай, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана
ишеним чаралары боюнча кеңешмесинин башкы катчысы:
– 2007-жылдан
бери Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме БУУнун
Башкы Ассамблеясынын Залында байкоочу катары туруктуу орунга ээ. Биз башка
аймактык түзүмдөр менен болгон мамилелерибизди өнүктүрүп жатабыз. Бүгүн бизде
өнөктөштөр жана байкоочулар менен гана эмес, континентибизде иштеген башка ишмерлер менен да сонун
тегерек стол өттү. Бизге мүчө мамлекеттер тарабынан суроо-талап жогору. Ошондой
эле эл аралык кесиптештерибиз үчүн ишенимдүү өнөктөш катары эсептелебиз.
Майрамдык программа салтанаттуу кабыл алуу менен уланды. Коноктордун өзгөчө кызыгуусун акыркы 20 жыл ичиндеги уюмдун түзүлүшүнүн жана өнүгүүсүнүн негизги этаптарын чагылдырган сүрөт көргөзмө жаратты. Эске сала кетсек, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме түзүү идеясы Казакстанга таандык. Бүгүнкү күндө бул уюм Борбордук Азия өлкөлөрүнөн тарта Чыгыш Европага чейинки аймакты камтып, дүйнө калкынын дээрлик жарымын түзгөн 28 мамлекеттин башын бириктирген диалог жана өз ара аракеттенүүнүн эң ири аянтчаларынын бири болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

