Улуттук банк Каныш Сатпаевдин 125 жылдыгына карата коллекциялык монеталарды чыгарды

Казакстандын Улуттук банкы «Эсте каларлык окуялар жана кайталангыс адамдар» сериясындагы жаңы коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарды. Алар казакстандык тунгуч геолог-окумуштуу Каныш Сатпаевдин 125 жылдыгына арналат.

 

Алматы Басенов, улуттук банктын башкы дизайнери:

 

-Монета эки номиналда чыгарылат. Бири 200 тенге, ал мельхиор эритмесинен жасалган. Ал эми 2000 теңгелик биколор ыкмасы менен жасалды. 2000 теңгелик монета кочкул кызыл түстөгү танталдан жасалган сакина чагылдырылган. Ал жезди калктуу конушундагы Каныш Сатпаев таап, чалгындаган марганец кенине арналып жасалды. Монетанын салмагы 74 грамм, диаметри 50 мм, сапаты proof. Ошондой эле 2000 теңгелик монета 300 даана менен гана чыгарылды. Мелхиордон жасалган монетага келсек, анын салмагы 15 грамм, диаметри 33 мм, сапаты brilliant uncirculated. Ал 5000 даана болуп чыгарылды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков