Энергетика жана коммуналдык секторлорду
модернизациялоо, транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү,
инвестиция тартуу, айыл чарба комплексин жана туризмди колдоо. Өкмөттүн ишинин
артыкчылыктарын президенттин
Turkistan гезитине берген программалык интервьюсунун жыйынтыгы боюнча Өкмөт
жыйынында республиканын премьер-министри белгиледи. Олжас Бектеновдун
айтымында, Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү,
мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана улуттук
долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурган. Касым-Жомарт Токаев
туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча милдеттерди белгиледи. Олжас
Бектенов Айыл чарба министрлигине эт өндүрүүнү жана экспортун көбөйтүү боюнча
чараларды сунуштоону, ал эми транспорт министрлигине жана акимчиликтерге
портторду, бекеттерди жана аэропортторду жаңылоону камсыз кылууну тапшырды. Энергетика
министрлиги тиешелүү Агенттик менен бирге атом энергетикасы тармагындагы
долбоорлорду көзөмөлдөшү керек болот. Премьер-министр тапшырмалардын аткарылышы үчүн жеке
жоопкерчиликке басым жасады.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-Министри:
- Бардык
борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик органдарга, улуттук компанияларга аларды
ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн күч-аракетин жумшоо зарыл. Өзүмдүн орун басарларыма
Президенттин тапшырмаларын өз багыттары боюнча аткаруу, ишти
координациялоону тапшырамын. Мамлекет
башчысы 2026-жылды – Санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы деп жарыялады.
Биздин негизги максатыбыз – экономиканын бардык тармактарына эң жаңы
технологияларды киргизүү. Мында ар бир жаран бул иштин практикалык таасирин
сезиши керек.
Олжас Бектенов белгилегендей, Казакстан санариптик
чечимдерди жана кызматтарды ийгиликтүү кылып гана тим болбостон,
аларды сата алган алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кириши керек. Анын
айтымында, өкмөт санариптештирүүнү,
жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча координацияланган ишти курушу
зарыл. Бул башкаруу процесстерин жаңыртууга, мамлекеттик органдардын
натыйжалуулугун жогорулатууга жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун, электр энергиясы менен
камсыздоону камтыган ишенимдүү инфраструктуралык негизди түзүүгө тиешелүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

