Казакстан менен Индонезия ортосундагы соода алмашуу 1 миллиард долларга жетиши мүмкүн

Казакстан менен Индонезия ортосундагы соода алмашуу 1 миллиард долларга жетиши мүмкүн

Казакстандын саамалы, шоколады жана Алматынын апорт алмасы  Индонезиянын рыногуна кириши мүмкүн. Борбор калаада өткөн Индонезиянын жайкы фестивалынын алкагында эки өлкөнүн ишкерлери бир катар келишимдерге кол коюшту. Өлкөгө Түштүк Азиядагы бир өлкөдөн азык-түлүктүн жаңы түрлөрү жеткирилет. Эки тараптуу узак мөөнөттүү горизонт баш оона айында дагы кеңири талкууланат. Бул жолу тараптар Индонезияда жолугушат.

Бектас Медгатов, азык-түлүк импорту боюнча компаниясынын башкы мүдүрү:

Индонезиялык ишкерлер менен эки тараптуу өнүмдөрдү кеңейтүү тууралуу сүйлөшүү үчүн сонун мүмкүнчүлүк болду. Биз быйыл түптөлгөн казакстандык компаниябыз. Индонезиядан азык-түлүктөрдү алып келебиз. Жакынкы аралыкта тез бышуучу Индонезия кесмесин чыгаруучу завод курууну пландап жатабыз.

Өткөн жылы Казакстан менен Индонезиянын ортосундагы товар жүгүртүү 700 миллион долларды түзгөн. Быйыл бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн бардык чаралар колго алынууда. Жыл аягына чейин эки тараптуу сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү көздөлүп жатат.

Мохаммад Фаджрул Рахман, Индонезиянын Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси:

Казакстандан көбүнчө алоэ экспорттолот. Ал эми сиздердин мамлекетке кофе жана пальма майы жеткирилет. Азыркы учурда экономика менен маданиятты бирдей өнүктүрүү маанилүү. Өлкөлөр ортосунда санарип диалог түзүлүшү керек. Менин оюмча, кинолорубузду, музыкаларыбызды, оюндарыбызды алмашуу керек.

Эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы өз ара байланышты жакшыртуу пландалууда. Өткөн жылдын бугу айынан тарта Балиден Инчхон аркылуу Алматыга түз каттам ачылган. Жыл сайын 10 миңдей казакстандык Индонезияга барат. Негизинен Бали аралдарына саякаттайт. Бул жаатта эки өлкө ортосунда визасыз режимге кайтуу маселеси каралып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков