Казакстанда 12 өндүрүш борбору ишке кошулат

Казакстанда 12 өндүрүш борбору ишке кошулат

Казакстанда темир жол унаа жасоо тармагында 12 өндүрүштү ишке киргизүү пландалууда. Өнөр жай жана курулуш министрлиги ишканалар эки жылдын ичинде курула турганын билдирди. Ошентип, Атырау шаарында локомотивдер үчүн таяныч устундарын чыгарган ширетүүчү цех курулат. Мындан тышкары, жүк ташуучу унаалар чогултулат. Жамбыл облусунда электровоздорго техникалык кызмат көрсөтүү борбору ишке кирет. Ал эми Караганды облусунда дөңгөлөк чыгаруучу завод ишке берилет. Павлодар аймагында механикалык иштетүү участкасы иштей баштайт. Ошондой эле, бул жерде темир куймалар комплекси түзүлөт. Ал эми өлкөнүн түндүгүндө жүргүнчү ташуучу вагондорунун өндүрүшү жолго коюлат. Акмоло чөлкөмүндө локомотив куруу заводу ишке ашырылса, чыгышта куйма өндүрүшү жанданмакчы.  

Которгон: Илгиз Жамалебков