Мамлекет башчысы дүйнөлүк рыноктогу абалдын өзгөрүүсүнө байланыштуу жыйын өткөрдү

Мамлекет башчысы дүйнөлүк рыноктогу абалдын өзгөрүүсүнө байланыштуу жыйын өткөрдү

Мамлекет башчысы дүйнөлүк рыноктогу кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда энергетикалык ресурстарга жана негизги товарларга баанын төмөндөшүнө байланыштуу өлкөнүн экономикасында түзүлгөн кырдаал каралды. Президент Өкмөттүн жана жергиликтүү аткаруу органдарынын иш-аракеттер планын кыска мөөнөттө аяктоону тапшырды. Иш каржы-экономикалык каатчылык учурунда тартылуучу инвестициялардын өсүшүн жана көлөмүн төмөндөтпөөнү болжолдойт. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, экономиканы өнүктүрүү боюнча өзү жарыялаган артыкчылыктар, анын ичинде ири инфраструктуралык долбоорлор, айыл чарбасын жана транспорттук-логистикалык тармакты жаңылоо боюнча демилгелер толук түрдө ишке ашырыларын айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков