Казакстан менен Ирандын ортосундагы соода өсөт. Сенат бул тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Тараптардын ортосундагы эркин соода аймагын түзүү боюнча убактылуу келишим дагы үч жылга узартылды. Ушул мезгилдин ичинде эки тараптуу алыш бериш туруктуу өсүш көрсөттү. Быйылкы жарым жылда гана Казакстандан Иранга экспорттун көлөмү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12%га өскөн. Ал эми жалпы товар жүгүртүү 18,5%га жеткен. Азыр эки өлкө тең алымдарды кыскартуу же толугу менен алып салуу жолдорун караштырып жатат.
Кайрат Төребаев, Казакстандын соода жана интеграция вице-министри:
- Убактылуу келишимде алымдарды азайтуу жана алып салуудан тышкары ички рынокторду коргоо чаралары, техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, товарлардын келип чыгышын аныктоо принциптери, бажы кызматташтыгы сыяктуу аспектилер толугу менен камтылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков