Казакстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылдын 6 айында 11 миллиард доллардан ашты. Бул рекорддук көрсөткүч экенин өлкөнүн Улуттук экономика министрлиги билдирди. Экспорттун көлөмү өзгөчө жогору. Казакстандан Кытайга товар жеткирүү 6 миллиард доллардан өйдө. Кытай Эл Республикасына экспорттун өсүшү мунай ташуунун дээрлик 4 эсеге артышынын эсебинен көбөйгөн. Ал эми Алматы менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 51%дан ашат. Башкача айтканда, 2 миллиард 850 миллион долларды түзгөн. Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык, инновациялар жана жаңы технологиялар жаатындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр. Ошентип, Алматы менен Сычуань провинциясынын ортосундагы меморандумдун негизинде илим жана билим берүү тармагына Кытайдын инвестициясын тартуу көздөлүүдө. Муну менен катар дагы бир документтин алкагында Казакстандын мегаполиси менен Шэньчжэнь шаарынын ортосунда IT бизнести колдоо жана Smart City санариптештирүү долбоорлорун ишке ашыруу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков