Улуттук банк "Эсте каларлык окуялар жана кайталангыс адамдар" сериясынан ASTANA. 25 JYL коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарды. Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, анын салмагы 15 грамм, мельхиордон жасалган, номиналы 100 теңге, тиражы 20 миң даана. Аны өлкөнүн Улуттук банкынын интернет-дүкөнүнөн сатып алса болот.
Алмат Басенов, Казакстан Улуттук банкынын башкы дизайнери:
- Бул монета композициясынын борбордук бөлүгүндө Астананын негизги архитектуралык имараттарынын коллажы, ал эми алдыңкы бетинде эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата курулган Триумф аркасы чагылдырылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков