Казакстан
Global Innovation Index-2024 рейтингинде
Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы
үчилтигине кирди. Республика бул тизмеде 78-орунга көтөрүлдү. «Мамлекеттик башкаруунун
натыйжалуулугу»,
«мыйзамдын үстөмдүгү», «рынокту
өнүктүрүү», «түз
инвестициялардын таза агымы» сыяктуу көрсөткүчтөр
боюнча өнүгүү
байкалат.
Белгилей кетсек, беделдүү
эл аралык рейтингде 2007-жылдан бери 133 өлкөнүн параметрлери 80 багыт боюнча
бааланды. Баарынан
мурда бул рейтинг инновация жаатындагы жаңы стратегияларды иштеп чыгууда жана
алардын өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө тийгизген таасирин баалоодо маанилүү индикатор
болуп саналат. Тизменин редакторлору «Онлайн-өкмөт» сыяктуу
категориялар боюнча дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнө Казакстандын киргендигин
өзгөчө белгилешти. Анда республика 8-орунду, «электрондук катышуу» боюнча
15-орунду ээледи. Серепчилердин айтымында,
рейтингди
илгерилетүү мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан реформаларга эл аралык оң
баа берүү менен өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы
аброюн жакшыртып, Казакстанга
түз инвестицияларды тартууга шарт
түзөт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков