Казакстанда инновациялык кабель өндүрүшү башталды

Казакстанда инновациялык кабель өндүрүшү башталды

Казакстанда ысыкка чыдамдуу, радиациялык обочолонгон кабель өндүрүшү башталды. Радиациялык-модификацияланган изолятору бар инновациялык материалды Евразия улуттук университети алдындагы Ядролук технологиялар паркынын окумуштуулары иштеп чыкты. Жогорку технологиялык кабелдин алгачкы партиясына биринчи кезекте коңшулаш Борбордук Азия мамлекети кызыгуучулук таанытты. Бүгүнкү күндө тараптар жеткирүү боюнча өз ара келишимге кол коюп, өнүмдүн алгачкы партиясын экспорттоого жетишти. Муну менен катар, ата мекендик өнүмдү чектеш Орусия Федерациясы да импорттошу мүмкүн. Жалпысынан республикада жылына бардыгы болуп 15 миң чакырым кабель чыгаруу каралган. Белгилей кетсек, аталган өнүмдүн өлкөдө аналогу жок, ал АКШ жана Европада гана чыгарылып келген.

Жанна Курмангалиева, Л. Гумилёв атындагы ЕУУ илим менен коммерциялаштыруу жана интернационалдаштыруу боюнча проректору:
- Өткөн жылдын башында гана аны өндүрүшкө киргизүү иштери башталган. Өндүрүшкө киришинин бирден-бир себеби, 2021-жылы Ядролук технологиялар паркы өкмөттүн токтому менен Евразия улуттук университетинин карамагына өткөнү болду. Башкача айтканда, биз илимпоздорду, өндүрүштү бир жерге, бир колго бириктирдик.

Виталий Распонин, «КАЗЭЛЕКТРОМАШ» ЖЧК мүдүрү:
- Биринчи кезекте ички рыноктогу суроо-талапты камсыз кылуу максаты турат. Бүгүнкү күндө Өзбекстанга биздин кабелдин биринчи агымы жөнөтүлүп, долбоорду жүзөгө ашыруу иштери жүргүзүлүүдө. Муну менен катар, жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Орусия Федерациясына да өнүмдү экспорттоо жолдорун карап жатабыз.

Өзбекстан - Казакстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Борбордук Азиядагы бардык аймактык сооданын 70%га жакыны эки мамлекетке  тиешелүү. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу соода жүгүртүү 30%га өсүп, 5 миллиард долларга жетти. Алдыда бул көрсөткүчтү 10 миллиард долларга жеткирүү максаты турат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков